Аралыктан товарларды сатып алуу-сатуу келишимин түзүү жөнүндө АЧЫК СУНУШ (ОФЕРТА)

Аралыктан товарларды сатып алуу-сатуу келишимин түзүү жөнүндө АЧЫК СУНУШ (ОФЕРТА) Ушул документ “Умай Групп” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ИСН 01007200310037, жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чокон Валиханов көчөсү, 16), мындан ары – “Компания” же “Сатуучу”, жеке жактарга (мындан ары – “Колдонуучу”) даректелген, “GLOBUS” мобилдик тиркемесинде жана www.globus-online.kg интернет-сайтында (мындан ары – “Сервис”) жайгаштырылган, “GLOBUS” интернет-дүкөнүндө аралыктан товарларды ушул Офертада, ошондой эле Сервисте жайгаштырылган жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган башка документтерде берилген шарттарда чекене сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө расмий ачык сунушу (оферта) болуп саналат. Чекене сатып алуу-сатуу келишими Сатуучу Колдонуучу тарабынан электрондук түрдө таризделген Тапшырыкты ырастаган учурдан тартып, ал эми алдын ала төлөнгөн учурда – Сатуучу Тапшырыктын төлөмүн алган же Колдонуучу Сервисте каралган төлөө ыкмасын тандаганын башка ырастоону алган учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет. Ушул Офертаны кабыл алуу (акцепти) боюнча аракеттерди жасоо менен, анын ичинде Тапшырыкты тариздөө менен, Колдонуучу өзүнүн аракетке жөндөмдүүлүгүн, мыйзамда белгиленген жашка жеткендигин, ошондой эле Сатуучу менен келишимдик мамилелерди түзүүгө мыйзамдуу укугунун бар экендигин жана чектөөлөрдүн жоктугун ырастайт. Эгерде Колдонуучу ушул Офертанын шарттарына толук же жарым-жартылай макул болбосо, Колдонуучу Тапшырыкты тариздөөдөн жана сатып алуу-сатуу келишимдерин түзүүгө арналган Сервистин функционалын колдонуудан баш тартууга укуктуу. Компания төмөнкү учурларда гана Тапшырыкты кабыл алуудан баш тартууга же Колдонуучунун Сервиске кирүүсүн убактылуу чектөөгө укуктуу: – Колдонуучу тарабынан туура эмес маалыматтардын берилген; – кыянаттык менен пайдалануу, алдамчылык аракеттер же ушул Офертанын шарттарын бузуу аныкталган; – Тапшырыкты аткаруунун объективдүү мүмкүн эместиги (товардын жоктугу, техникалык бузулуу жана башка жагдайлар). Баш тартуу басмырлоочу мүнөзгө ээ боло албайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен ишке ашырылат. Ушул Офертанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт. Офертанын актуалдуу редакциясы Колдонуучунун таанышуусу үчүн аны акцепти боюнча аракеттерди жасоого чейин Сервисте жана Компаниянын www.globus.kg дареги боюнча расмий сайтында жайгаштырылат. Колдонуучу ушул Офертанын шарттары ага түшүнүктүү экенин жана ыктыярдуу, толук көлөмдө жана эч кандай эскертүүсүз кабыл алына турганын кепилдейт. Колдонуучу аутентификациялоо каражаттарынын (логин, пароль, SMS-код) сакталышы үчүн жана эгерде мындай аракеттер үчүнчү жактардын укук ченемсиз аракеттеринин же Сервистин коопсуздук системасындагы кемчиликтердин кесепети болгону далилденбесе, аларды пайдалануу менен жасалган аракеттер үчүн жоопкерчилик тартат.

Колдонуучунун аутентификациялоо каражаттарын (логин, пароль, SMS-код) пайдалануусу Тапшырыкты тариздөөгө, маалымат алууга жана Сервистин функционалын пайдаланууга байланыштуу Сервистин ичинде аракеттерди жасоо үчүн гана жөнөкөй электрондук кол тамга катары таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен милдеттүү жазуу жүзүндөгү форма белгиленген бүтүмдөргө жана милдеттенмелерге жайылтылбайт. Сервис иштөөнү камсыз кылуу, аналитика жана жекелештирүү максатында cookie файлдарын жана ушуга окшош технологияларды колдонушу мүмкүн. Мындай технологияларды колдонуу Сервиске жайгаштырылган Купуялуулук саясатына ылайык жүргүзүлөт. Сервисти колдонууну улантуу менен, Колдонуучу cookie файлдарын жана ушуга окшош технологияларды көрсөтүлгөн шарттарда пайдаланууга макулдугун ырастайт.

1.ТЕРМИНДЕР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР

  1. Авторизация – ийгиликтүү аутентификациялоодон өткөндөн жана Колдонуучунун тиешелүү жетүү укуктарынын бар экендигин текшергенден кийин Колдонуучуга Сервистин функционалына жетүү мүмкүндүгүн берүү процесси.
  2. Аутентификациялык маалыматтар – Колдонуучунун өздүгүн ырастоо үчүн колдонулган маалыматтардын жыйындысы, анын ичинде логин, пароль, бир жолку SMS-коддору жана Сервис тарабынан каралган башка ыкмалар.
  3. Верификация –Компания тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ыкмалар менен, маалыматтардын аныктыгын тастыктоо, алдамчылыктын алдын алуу жана Сервистин коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн, Колдонуучуну кошумча текшерүү жол-жобосу.
  4. Келишим – Компания менен Колдонуучунун ортосунда ушул Офертага ылайык аралыктан түзүлгөн, товарларды чекене сатып алуу-сатуу келишими, ошондой эле Сервисти колдонууну жөнгө салуучу башка документтер жана билдирүүлөр, анын ичинде электрондук түрдөгү документтер.
  5. Жеткирүү/Чабарман – Компаниянын өз алдынча же транспорттук-логистикалык, чабармандык кызматтарды же башка үчүнчү жактарды тартуу менен Колдонуучуларга Тапшырык боюнча Товарды жеткирүүнү уюштуруу боюнча кызматы. Эгерде конкреттүү Тапшырыктын шарттарында башкача түз көрсөтүлбөсө, Компания ташуучу болуп саналбайт.
  6. Тапшырык – Колдонуучу тарабынан таризделген жана Компания тарабынан ырасталган Колдонуучунун сатып алуу-сатуу келишимин түзүү жөнүндө сунушу. 7.Конклюденттик аракеттер – Офертанын шарттарына макул экенин билдирген, Колдонуучунун аракеттери, анын ичинде Тапшырыкты тариздөө жана ырастоо. Ушул Офертанын шарттарында бул Келишимди түзүү үчүн зарыл болгон конклюденттик аракеттер ушул Офертанын 4-бөлүмүндө белгиленген. 8.Жеке кабинет (аккаунт) – бул Колдонуучунун өзү тарабынан орнотулган (жайгаштырылган) маалыматтардын жана Колдонуучунун чөйрөсүн жөндөөлөрдүн жыйындысы. Ар бир Колдонуучу бир гана Жеке кабинетке ээ болууга укуктуу. Чектөө алдамчылыктын жана кыянаттыктын алдын алуу максатында белгиленген жана Колдонуучунун санарип укуктарын чектөө болуп саналбайт. 9.Материалдар – Колдонуучу же Компания тарабынан Сервиске жайгаштырылган ар кандай маалымат/контент. Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, Компания Колдонуучулар жайгаштырган Материалдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
  7. Мобилдик тиркеме – Сервистин функционалын пайдалануу үчүн арналган, iOS жана Android базасындагы мобилдик түзүлүштөр үчүн Компаниянын программалык камсыздоосу.
  8. Дүкөн – Компаниянын товарларын сатуу түйүнү, анда Сервистин жардамы менен Колдонуучуга Товарды, анын ичинде аралыктан сатып алууга мүмкүнчүлүк берилет.
  9. Колдонуучунун жеке маалыматтары – Компания тарабынан ушул Офертада, Колдонуучунун макулдашуусунда жана Купуялуулук саясатында каралган көлөмдө жана максаттарда иштетилип чыгуучу, түз же кыйыр түрдө аныкталуучу жеке адамга тиешелүү маалыматтар.
  10. Акы төлөнүүчү кызматтар – эгерде бул Сервистин шарттарында түз каралса, Колдонуучуга акы төлөп көрсөтүлүүчү кызматтар.
  11. Колдонуучу – ушул Офертанын шарттарын кабыл алган жана Сервисти ишкердик ишине байланышпаган, жеке, үй-бүлөлүк, тиричилик муктаждыктары үчүн колдонгон аракетке жөндөмдүү жеке жак.
  12. Сервис – Компаниянын аппараттык комплекстерин жана программалык камсыздоолорун интеграциялоо үчүн арналган техникалык чечим, анын ичинде www.globus-online.kg Интернет ресурсу (Сайт), ар кандай операциялык системалардын базасындагы Сайттын тиркемелери жана башка сервистер, Жеке кабинеттер, ошондой эле программалык камсыздоо, Сайттын дизайны (графикалык жасалгалоо), Мобилдик тиркеме жана башка сервистер, маалымат базалары, сервистердин каалаган бөлүмү (бөлүмчөсү), ошондой эле Компаниянын сервистеринде, Сервистин башка катышуучулары тарабынан жайгаштырылган маалымат. Сервис Колдонуучуларга Товарды сатып алууга Тапшырыкты тариздөө мүмкүнчүлүгүн берген курал болуп саналат. Сервис товарлардын өз алдынча сатуучусу болуп саналбайт.
  13. Товарлар – Компаниянын Сервистери аркылуу сатып алууга сунушталган бардык азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын түрлөрү.
  14. Промокод – тамгалардын жана/же сандардын уникалдуу айкалышы, Колдонуучуну активдештирүү шартында тиешелүү акциянын эрежелеринде көрсөтүлгөн өлчөмдө жана шарттарда Тапшырыктын наркына арзандатуу берилет. Промокодду акча каражаттарына алмаштырууга болбойт. Бул бөлүмдө көрсөтүлбөгөн башка терминдер, аныктамалар жана шарттар Келишимдин шарттарынын контекстинен келип чыккан мааниге ылайык чечмеленет, же ушул Келишимдин тиркемелеринде, өзүнчө макулдашууларда же Сервистин башка документтеринде аныкталышы мүмкүн. Келишимде колдонулган терминдерди чечмелөө боюнча айырмачылыктар келип чыккан учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ишкер жүгүртүм адаттарына ылайык келген чечмелөө колдонулат.

2.ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

  1. Компания Колдонуучуга Товарларды чекене сатууну жүргүзөт, ошондой эле Товарларды жыйноо, таңгактоо жана жеткирүү (болгондо) боюнча кызматтарды көрсөтөт, ал эми Колдонуучу ушул Офертада каралган тартипте жана шарттарда сатылып алынган Товарлардын жана Компаниянын тиешелүү кызматтарынын наркын төлөөгө милдеттенет.
  2. Тапшырыкты аткарууда Товар жок болгон же Товардын баасы өзгөргөн учурда, мындай алмаштыруу Товардын керектөө касиеттерине, мүнөздөмөлөрүнө жана баасына таасир тийгизбеген учурлардан тышкары, Компания Колдонуучуга билдирүүгө милдеттенет. Колдонуучунун алдын ала макулдугу менен гана Товарды алмаштырууга же бааны өзгөртүүгө жол берилет. Колдонуучунун макулдугу жок болгон учурда, тиешелүү Товар Тапшырыктан чыгарылат.
  3. Колдонуучу таразаланып сатылуучу Товарлардын акыркы баасы Товардын иш жүзүндөгү салмагына жараша аныктала турганынан жана тапшырыкты жол-жоболоштурууда көрсөтүлгөн алдын ала баадан айырмаланышы мүмкүн экендигинен кабардар жана макул болду. Мындай товарлардын акыркы баасы кассалык чекте көрсөтүлөт.
  4. Компания Колдонуучуга Тапшырыктын алынганы жөнүндө жана Тапшырыкты мүмкүн болуучу оңдоолор жөнүндө Колдонуучу каттоодо көрсөткөн байланыш маалыматтарын, анын ичинде электрондук почтасын, мобилдик телефон номерин, PUSH-билдирүүлөрүн же башка санарип каналдарды колдонуу менен кабарлоого милдеттенет.
  5. Колдонуучу интернет-дүкөндө Тапшырыктарды тариздөөдө жана төлөөдө эгерде Лоялдуулук программасынын эрежелеринде же конкреттүү Акциянын шарттарында башкача каралбаса, Лоялдуулук программасы боюнча бонустарды эсептен чыгаруу колдонулбашы мүмкүн экендигинен кабардар жана макул.
  6. Тапшырыкты жеткирүү көрсөтүлгөн параметрлер боюнча жеткирүүнү аткаруу мүмкүн болгон шартта, Колдонуучу Тапшырыкты тариздөөдө көрсөткөн дарекке жана күнү жүргүзүлөт.
  7. Жеткирүү жана төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызматтарды аткаруу үчүн Компания үчүнчү жактарды тартууга укуктуу, ошол эле учурда Колдонуучунун алдында Келишимди аткаруу үчүн жоопкерчиликтүү бойдон калат.
  8. Тапшырыкты чогултуу жана аны жеткирүү Колдонуучу Тапшырыкка төлөгөндөн кийин же эгерде мындай ыкма Сервистин функционалында каралса, колдонуучу тандаган төлөм ыкмасын ырастагандан кийин башталат.
  9. Сервистин каталогдорунда жайгаштырылган Товарлардын сүрөтү маалыматтык мүнөзгө ээ жана анын керектөө касиеттерин жана мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүсуз Товардын анык тышкы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.
  10. Интернет-дүкөндүн иштөө шарттары менен Колдонуу Сервисте жана Мобилдик тиркемеде тааныша алат. Маалыматтык материалдар менен ушул Офертанын шарттарынын ортосунда айырмачылыктар болгон учурда Офертанын жоболору колдонулат.

3.ОФЕРТАНЫ КАБЫЛ АЛУУ ЫКМАСЫ ЖАНА ТАРТИБИ

  1. Чекене сатып алуу-сатуу келишими Сатуучу Колдонуучу тарабынан электрондук түрдө таризделген Тапшырыкты ырастаган учурдан тартып жана Сатуучу Тапшырыктын төлөмүн алгандан кийин же эгерде мындай ыкма Сервисте каралса, Колдонуучу тандаган башка төлөө ыкмасын ырастагандан кийин түзүлдү деп эсептелет. Сервиске катталуу жана аны пайдалануу сатып алуу-сатуу келишимин түзүүнү билдирбейт.
  2. Эгерде Колдонуучу ушул Келишимдин кандайдыр бир шартына макул болбосо, Колдонуучу Офертаны кабыл алуудан баш тартууга жана Сервисти пайдаланууну токтотууга укуктуу.
  3. Компания Колдонуучунун мурда кабыл алынган жана аткарылып жаткан Тапшырыктарына тиешеси жок бөлүгүндө ушул Келишимге бир тараптуу тартипте өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу. Келишимдин маанилүү шарттарына (анын ичинде баа, төлөө тартиби, жеткирүү, Товарларды кайтаруу) тиешелүү өзгөртүүлөр жаңы Тапшырыктарга карата гана күчүнө кирет жана Сервиске жайгаштыруу аркылуу Колдонуучуларга алдын ала маалымдалышы керек.
  4. Колдонуучу киргизилген өзгөртүүлөргө макул болбогон учурда, ал Сервисти пайдаланууну токтотууга жана Келишимдин жаңыртылган редакциясынын шарттарын кабыл албоого укуктуу.
  5. Колдонуучу Компанияга Келишимдин шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды жөнөтүүгө укуктуу. Мындай сунуштарды кароо жана кабыл алуу Компаниянын өз каалоосу боюнча жүргүзүлөт.
  6. Колдонуучу Сервисте жайгаштырылган актуалдуу маалымат менен, анын ичинде ушул Келишимдин шарттары менен өз алдынча таанышууга милдеттенет. Мында Компания Колдонуучу Офертаны кабыл алганга чейин Келишимдин актуалдуу редакциясынын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

4.КЕЛИШИМГЕ КОШУЛУУ АКЦЕПТИНИН КОЛДОНУ УТАРТИБИ ЖАНА МӨӨНӨТТӨРҮ

  1. Чекене сатып алуу-сатуу келишими ушул Келишимдин 3-бөлүмүндө каралган тартипте Колдонуучу тарабынан Оферта кабыл алынган учурдан тартып, атап айтканда Сатуучу Колдонуучунун Тапшырыгын ырастаган жана Тапшырыкка төлөмдү алган же Сервис тарабынан каралган төлөө ыкмасын башкача жол менен ырастаган учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет жана күчүнө кирет. Келишим Тараптар тиешелүү Тапшырык боюнча милдеттенмелерин толук аткарганга чейин күчүндө болот.
  2. Колдонуучу Сервистеги каттоосун Компанияга алдын ала кабарлабастан, бир тараптуу тартипте токтотууга укуктуу. Каттоону токтотуу Колдонуучуну мурда түзүлгөн жана ырасталган Тапшырыктар боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.
  3. Төмөнкү учурларда Компания тарабынан Колдонуучу менен келишим токтотулушу мүмкүн: 3.1. Колдонуучунун Компанияга же Сервиске реалдуу зыян келтирген же келтириши мүмкүн болгон, ушул Келишимдин жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын шарттарын олуттуу бузушу; 3.2. Колдонуучунун ушул Келишимдин, Колдонуучулук макулдашуунун, Купуялуулук саясатынын же Сервисте жайгаштырылган жана Колдонуучуга жеткирилген башка милдеттүү эрежелердин шарттарын бузган аракеттерди жасашы;
  4. Техникалык мүчүлүштүктөрдөн, программалык камсыздоону жаңыртуудан же башка объективдүү техникалык себептерден улам Сервис толук же жарым-жартылай иштебей калган мезгилде Келишимди түзүү мүмкүн эмес, бул тууралуу Колдонуучуга Сервистин интерфейси аркылуу билдирилет.
  5. Колдонуучу Сервис аркылуу Тапшырыкты тариздөө менен, Сервисте жайгаштырылган Товарды сатып алуунун бардык маанилүү шарттары менен таанышканын жана аларды толук көлөмдө кабыл алганын ырастайт.
  6. Колдонуучу ушул Келишимдин шарттарын олуттуу бузган учурда, Компания Колдонуучуга жеткиликтүү байланыш каналдары аркылуу милдеттүү түрдө кабарлоо менен Колдонуучунун Сервиске кирүүсүн убактылуу же туруктуу чектөөгө укуктуу. Колдонуучуну кайрадан каттоо бузуулар жоюлганга чейин же Компания кирүүнү калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин чектелиши мүмкүн.

5.КОЛДОНУУЧУНУ КАТТОО

  1. Тапшырыкты тариздөө үчүн Колдонуучу ушул Келишимде белгиленген тартипте Сервисте каттоодон өтүшү керек. Тапшырыкты тариздөөсүз Сервис менен катталуусуз эле таанышууга.
  2. Колдонуучунун Тиркемеде катталуусу ага автоматтык түрдө Тиркеме аркылуу Тапшырык жасоого укугун берет.
  3. Компаниянын www.globus-online.kg интернет-сайты аркылуу Тапшырык кылуу үчүн Колдонуучу тиешелүү Сервисте каттоодон өтүшү керек.
  4. Интернет-сайтта каттоодон өтүү максатында Колдонуучу төмөнкү жеке маалыматтарды берет: – фамилиясы жана аты; – Тапшырыкты жеткирүү дареги; – электрондук почта дареги; – байланыш телефон номери. Көрсөтүлгөн маалыматтарды Компания Купуялуулук саясатына ылайык жана Колдонуучуну каттоо, Тапшырыкты тариздөө жана аткаруу максатында гана иштеп чыгат.
  5. Сервисте катталуу менен Колдонуучу: 5.1. Колдонуучу аракетке жөндөмдүү экенин жана Келишимдин шарттары менен макул экенин тастыктайт; 5.2. Ушул Келишимде берилген шарттарда Тапшырыкты тариздөөдөн улам келип чыккан милдеттенмелер үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат; 5.3. Колдонуучу өзү берген маалыматтардын тактыгын, толуктугун жана аныктыгын тастыктайт жана мындай маалыматтардагы каталар жана так эместиктер менен байланыштуу тобокелдиктерди, терс кесепеттер Колдонуучунун күнөөсү боюнча келип чыккан бөлүгүндө өзүнө алат. 5.4. Компаниядан Тапшырыкты аткарууга байланыштуу телефон номерине жана каттоодо же Жеке кабинетте көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине чалууларды жана билдирүүлөрдү алууга макул болот. Компания тарабынан жөнөтүлгөн билдирүүлөр, эгерде Колдонуучу жарнамалык жана маркетингдик билдирүүлөрдү алууга өзүнчө макулдугун бербесе, Тапшырыкты аткаруу үчүн зарыл болгон маалымат менен чектелет.
  6. Колдонуучу катталууда туура эмес маалыматты берген факты аныкталган учурда Компания жеткиликтүү байланыш каналдары аркылуу Колдонуучуга милдеттүү түрдө кабарлоо менен, Колдонуучунун каттоосун токтотууга же жокко чыгарууга жана/же Тапшырыктарды жайгаштыруудан баш тартууга укуктуу.
  7. Бир Колдонуучу телефон номерин колдонуп бир гана эсепке алуу жазуусун каттай алат. Бир Колдонуучунун нече эсепке алуу жазуусун түзүүсү ушул Келишимди бузуу болуп саналат.
  8. Колдонуучунун башка адамдын атынан эсепке алуу жазуусун каттоого жана өзүнүн каттоо маалыматтарын үчүнчү жактарга берүүгө укугу жок. Колдонуучу эгерде мындай кесепеттер анын күнөөсүнөн улам келип чыкса, каттоо маалыматтарын берүүнүн кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартат.
  9. Колдонуучу каттоодо көрсөтүлгөн логин жана паролду үчүнчү жактарга билдирбөөгө милдеттенет. Эгерде Колдонуучуда өзүнүн логининин жана паролунун коопсуздугуна же аларды үчүнчү жактардын уруксатсыз колдонуу мүмкүнчүлүгүнө шектенүү жаралса, Колдонуучу бул тууралуу Компанияга дароо globus-online@market.kg дареги боюнча электрондук кат жөнөтүү аркылуу билдирүүгө милдеттенет.
  10. Компания мындай өзгөртүүлөр Колдонуучунун мурда колдонулган шарттарга салыштырмалуу абалын начарлатпаса жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берсе, Сервистерде каттоо процедурасын бир тараптуу өзгөртүүгө укуктуу.

6.ТАПШЫРЫК

  1. Колдонуучу Тапшырыкты Сервис аркылуу жөнөткөн учурдан тартып, Тапшырык Колдонуучу тарабынан берилди деп эсептелет. Тапшырык Компания тарабынан ырасталгандан жана төлөм алынгандан же Сервисте каралган төлөм ыкмасы боюнча башка ырастоо алынгандан кийин, Компания тарабынан аткарууга кабыл алынды деп эсептелет.
  2. Тапшырыкты тариздөө менен, Колдонуучу Тапшырык бергенге чейин ага Товар, Сатуучу, баасы, төлөө шарттары, жеткирүү жана кайтаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган көлөмдө милдеттүү маалымат берилгендигин ырастайт. Колдонуучу Тапшырыкты тариздегенде Тапшырыкка уникалдуу номер ыйгарылат. Бир эле Колдонуучуда Колдонуучунун жеке маалыматтарына туура келген бир нече активдүү тапшырык номерлери болушу мүмкүн.
  3. Тапшырыкты тариздегенден кийин Тапшырыкты ырастоо жана жеткирүү жана төлөө шарттарын тактоо үчүн Компаниянын байланыш борборунун оператору Колдонуучу менен байланышат. Эгерде Тапшырык түшкөн учурдан тартып 1 (бир) сааттын ичинде Компания Колдонуучу менен көрсөтүлгөн байланыш маалыматтары аркылуу байланыша албаса, Компания Колдонуучуга Сервис жана/же башка жеткиликтүү байланыш каналдары аркылуу билдирүү жөнөткөн шартта Тапшырыкты жокко чыгарууга укуктуу.
  4. Эгерде Колдонуучу Тапшырыкты тариздегенден кийин Компаниянын байланыш борборунун оператору тапшырык кылынган Товардын керектүү саны жок экенин аныктаса, анда Компаниянын байланыш борборунун оператору Тапшырык түшкөн учурдан тартып 1 (бир) сааттын ичинде бул тууралуу Колдонуучуга билдирет. Колдонуучу Товарды Компанияда болгон санда сатып алууга макул болууга же Тапшырыгын жокко чыгарууга укуктуу. Колдонуучудан телефон аркылуу билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин 5 (беш) мүнөттүн ичинде жооп алынбаса, Компаниянын байланыш борборунун оператору Тапшырыкты жокко чыгарууга укуктуу. Тапшырыкты жокко чыгаруу Колдонуучуга Сервис аркылуу же телефон аркылуу билдирүү менен коштолот.
  5. Колдонуучу Товарды жеткиргенге чейин каалаган убакта Тапшырыктын курамын өзгөртүүгө же Тапшырыктан баш тартууга укуктуу.
  6. Колдонуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайтарылбай турган Товарлардан тышкары, бул тууралуу Компаниянын байланыш борборунун операторуна кабарлоо менен, Товар жеткирилгенден кийин 14 (он төрт) календардык күндүн ичинде сапаты жакшы Товардан баш тартууга укуктуу. Ушул Офертанын шарттарына макул болуу менен, Колдонуучу сапаты жакшы Товарды кайтаруу тартиби жана мөөнөттөрү менен таанышканын ырастайт.
  7. Колдонуучу Товарларды жеткирип бергенден кийин Тапшырыктан баш тарткан учурда, Компания Колдонуучуга Тапшырыкты тариздөөдө маалымдалган өлчөмдө жеткирүү боюнча иш жүзүндө көрсөтүлгөн кызматтардын наркын кармап калууга укуктуу.
  8. Компания Тапшырыкты Компаниядан көз каранды болбогон себептер боюнча жокко чыгарылды деп таанууга укуктуу, эгерде: 8.1. Колдонуучу Тапшырык түшкөн учурдан тартып 1 (бир) сааттын ичинде Тапшырыкты жана байланыш маалыматтарын ырастоо максатында Тапшырыкты алгандан кийин Компания тарабынан жасалган чалууну кабыл албаса; 8.2. Колдонуучу жеткирүү убактысы жана күнү жөнүндө туура эмес маалыматты көрсөтсө жана Тапшырыкты кабыл ала албаса же тандалган күнү жана убакытта, тандалган дарек боюнча үчүнчү жактар тарабынан кабыл алынышын камсыздай албаса. 8.3. Колдонуучу байланыш маалыматтары боюнча туура эмес маалыматты көрсөтсө жана Компания Колдонуучу менен көрсөтүлгөн телефон номери аркылуу байланыша албаса, же жеткирип берүү дареги туура эмес көрсөтүлсө.
  9. Колдонуучу Тапшырыкты аткаруу боюнча байланыш борборунун операторлорунун жана чабармандардын чалууларын көрсөтүлгөн телефондоруна кабыл алууга, ошондой эле Тапшырыкты тариздөөдө Колдонуучу көрсөткөн дарек боюнча Тапшырыкты кабыл алууга өзүнүн даяр экендигин ырастайт.
  10. Товарды жеткирүү мөөнөтүн Колдонуучу Тапшырыкты тариздөөдө көрсөтөт. Колдонуучу жүктөм эң көп болгон убакытта, жолдону кырдаалды эске алуу менен, ошондой эле майрам күндөрүнүн алдында тариздөө жана жеткирүү мөөнөттөрү Компания тарабынан бир тараптуу тартипте узартылышы мүмкүн экенине макул болот. Мындай учурда Компания Колдонуучуга жеткирип берүү мөөнөтүнүн узартылышы жөнүндө Сервисте же Тапшырыкты тариздөөдө көрсөтүлгөн телефон номери аркылуу маалымдайт. Жеткирип берүү баасы Товардын наркынын өлчөмүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн. Эгерде жаңы мөөнөттөр Колдонуучуну канааттандырбаса, ал айып санкцияларын колдонбостон Тапшырыкты жокко чыгарууга укуктуу.
  11. Товар Колдонуучуга же жеткирип берүү дарегинде турган адамга берилет. Эгерде Колдонуучу Тапшырыкты тариздөөдө башкача көрсөтпөсө, Компания Товарды мындай адамга берүү үчүн жоопкерчилик тартпайт.
  12. Компания Товардын сапаты, саны жана комплекттүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жоопкерчилик тартат.

7.ТАПШЫРЫКТЫ КАБЫЛ АЛУУ

  1. Колдонуучу Тапшырыкты Тапшырыкта көрсөтүлгөн дарек боюнча жана мөөнөттө кабыл алууга милдеттенет. Колдонуучу чабарманга жеткирүү дареги жөнүндө так маалымат берүүгө, ошондой эле чабармандын көрсөтүлгөн дарекке эркин жана тоскоолдуксуз, анын ичинде: домофонду, коңгуроону, сүйлөшүүчү түзүлүштөрдү, өткөрүүчү түзүлүштөрдү, консьерж кызматын, күзөттү, өткөрүү системасын ж.б. колдонуу менен кирүүсүн камсыз кылууга милдеттенет. Колдонуучудан көз каранды себептерден улам жеткирип берүү мүмкүн болбосо (кирүүнүн мүмкүн эместиги, туура эмес дарек, Тапшырыкты кабыл алуудан баш тартуу), Компания жеткирип берүү боюнча милдеттенме аткарылды деп эсептөөгө жана ушул Келишимде каралган кесепеттерди колдонууга укуктуу.
  2. Тапшырыкты берүүдө Колдонуучу Товарды өндүрүүчүнүн таңгагынын сырткы көрүнүшүн жана бүтүндүгүн, Товардын ассортиментин, санын жана комплектациясын текшерүүгө тийиш. Колдонуучунун товардык коштомо кагазга эч кандай эскертүүсүз кол койгону, Товар кабыл алуу учурунда ачык кемчиликтери жана бузулуулары жок экендигин, кабыл алынган Товардын ассортименти, саны жана комплектациясы Колдонуучу тарабынан мурда ырасталган Тапшырыктын курамына дал келе турганын билдирет. Кабыл алуу учурунда документтерге кол коюу Колдонуучуну Товардын жашыруун кемчиликтерине карата талаптарды коюу укугунан ажыратпайт. Эгерде Колдонуучуда чабарман кабыл алуу учурунда объективдүү себептерден улам каттай албаган эскертүүлөр пайда болсо, Колдонуучу Компаниянын байланыш борборуна кайрылууга укуктуу.
  3. Товардын кокусунан кыйроо же кокусунан бузулуу тобокелдиги Товар иш жүзүндө берилген учурдан тартып Колдонуучуга өтөт. Товарга карата менчик укугу эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Товар толук төлөнгөн шартта, аны иш жүзүндө берген учурдан тартып Колдонуучуга өтөт.
  4. Компаниянын Тапшырыкты берүү боюнча милдеттенмелери, эгерде Тараптар тарабынан алдын ала башкача макулдашылбаса, Товар Колдонуучуга же Колдонуучу көрсөткөн жеткирип берүү дарегинде турган адамга иш жүзүндө берилген учурдан тартып аткарылды деп эсептелет.

8.ТАПШЫРЫККА ТӨЛӨӨ ТАРТИБИ

  1. Тапшырыктын толук баасы Товардын баасынан жана жыйноо, таңгактоо жана жеткирүү кызматтарынын баасынан турат, ал Товардын салмагын жана жеткирип берүү районун эске алуу менен аныкталат жана Тапшырыкты ырастоодон мурун Колдонуучуга маалымдалат. Компаниянын Сервисинде Колдонуучу Товарды жеткирип берүү тарифтери менен тааныша алат.
  2. Товардын баасы Сервистерде көрсөтүлөт. Колдонуучу тапшырык кылган Товардын баасы туура эмес көрсөтүлгөн учурда, Компания Колдонуучуга дароо билдирүүгө милдеттүү. Колдонуучу оңдолгон баа боюнча Тапышырыкты ырастоого же кандайдыр бир терс кесепеттерсиз Тапшырыктан баш тартууга укуктуу. Колдонуучу менен байланышуу мүмкүн болбогон учурда Тапшырык жокко чыгарылды деп эсептелет, ал эми төлөнгөн акча каражаттары ушул Келишимде каралган тартипте Колдонуучуга кайтарылып берилет.
  3. Сервистеги Товардын баасы Компания тарабынан бир тараптуу тартипте өзгөртүлүшү мүмкүн. Мында Колдонуучу тарабынан ырасталган Тапшырыктагы Товардын баасы өзгөртүлбөйт.
  4. Тапшырыкка төлөө Тапшырыкты тариздөө учурунда жеткиликтүү болгон төмөнкү ыкмалардын бири менен жүргүзүлөт: • чабарман Тапшырыкты бергенде накталай акча каражаттары менен; • накталай эмес акча каражаттары менен (банктык карталар, электрондук төлөм системалары жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн башка ыкмалары аркылуу); • Сервистин функционалында каралган башка ыкмалар менен. Накталай эмес төлөмдөрдү иштеп чыгуу ыйгарым укуктуу төлөм операторлорун тартуу менен жүргүзүлөт. Компания Колдонуучулардын банктык карталарынын реквизиттерин сактабайт.
  5. Колдонуучу Товарды бергенге чейин Тапшырыктан баш тарткан учурда, Компания конкреттүү Тапшырыкты аткарууга түздөн-түз байланыштуу болгон (эгерде бул башталган болсо, жеткирип берүүгө кеткен чыгымдарды кошо алганда) иш жүзүндө тарткан, документ менен тастыкталган жана ченемдеш чыгымдарды гана кармап калууга укуктуу.
  6. Компания Тапшырыкты ырастоого чейин жаңыртылган нарк Колдонуучуга маалымдалган жана Колдонуучу тарабынан кабыл алынган шартта, Тапшырыкка төлөгөн учурга чейин жеткирип берүү, жыйноо жана таңгактоо баасын өзгөртүүгө укуктуу.

9.ТОВАРЛАРДЫ ЖАНА АКЧА КАРАЖАТТАРЫН КАЙТАРУУ

  1. Компания Колдонуучунун өтүнүчү боюнча кайтарылууга тийиш болгон Товарды алып кетүүнү ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте уюштурат.
  2. Компания Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына, анын ичинде “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кайтарылбай турган, сапаты жакшы Товарларды кайтарып албайт.
  3. Сапаты жакшы Товарды кайтаруу Товар алынган учурдан тартып 14 (он төрт) календардык күндүн ичинде, анын товардык көрүнүшү, таңгагынын бүтүндүгү жана керектөө касиеттери сакталган шартта жүргүзүлөт. Эгерде Товарды Компаниядан сатып алуу фактысын башка далилдер менен тастыктоого мүмкүн болсо, кассалык чектин жоктугу Товарды кайтаруудан баш тартууга негиз болуп саналбайт.
  4. Тапшырыкты кабыл алууда Товарларды кайтарган учурда Тараптар товардык коштомо кагазга жана ККМ чегине кол менен оңдоолорду киргизип, кайтарылып жаткан Товарды белгилешет. Колдонуучунун Товарга төлөөсү Тапшырыктын өзгөртүлгөн наркына ылайык жүргүзүлөт. Колдонуучу менен өзгөртүлгөн кассалык чекти алуунун ыңгайлуу ыкмасы (электрондук почта, же интернет мессенджерлер) макулдашылат.
  5. Эгерде Тапшырыкка банктык карта же банктык эсеп аркылуу алдын ала төлөнсө, акча каражаттарын кайтаруу Колдонуучунун кайтаруу жөнүндө талабы коюлган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде же Компания кайтарылган Товарды алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кеч эмес ошол эле төлөө ыкмасы менен жүргүзүлөт. Акча каражаттарын Бонустарды чегерүү же промокод берүү түрүндө кайтарууга Колдонуучунун алдын ала, түз жана ыктыярдуу макулдугу болгондо гана жол берилет. Акча каражаттарын чегерүү мөөнөтү Колдонуучунун картасын тейлеген банктын эрежелеринен көз каранды болот.
  6. Товарга карата даттануулар болгондо Колдонуучуга кайрылууга кассалык чектердин сүрөтүн (болгондо), ошондой эле Товардын талаптагыдай эмес сапатын же Тапшырыкка дал келбестигин тастыктаган сүрөт жана/же видео материалдарды тиркөө сунушталат. Сүрөт жана видео материалдардын жоктугу Колдонуучунун кайрылуусун кароодон баш тартуу үчүн шартсыз негиз болуп саналбайт.
  7. Товарды алгандан кийин Компания тарабынан эскертилбеген жана кабыл алуу учурунда аныкталбаган, анын кемчиликтери (жашыруун кемчиликтер) аныкталган учурда, Колдонуучу мыйзамда белгиленген мөөнөттө өз каалоосу боюнча төмөнкүлөргө укуктуу: • Товарды ошол эле маркадагы (моделдеги, артикулдагы) Товарга алмаштырууну талап кылууга; • сатып алуу баасын тиешелүү түрдө кайра эсептөө менен, башка маркадагы ушундай эле Товарга алмаштырууну талап кылууга; • сатып алуу баасын шайкеш түрдө азайтууну талап кылууга; • Товардан баш тартууга жана төлөнгөн сумманы кайтарып берүүнү талап кылууга. Сапаты начар Товардан баш тартылган учурда Товарды кайтаруу Компаниянын эсебинен жүргүзүлөт.

10.ПРОМОКОДДОР ЖАНА АКЦИЯЛАР, БОНУСТУК ПРОГРАММА

  1. Тиркемеде Колдонуучунун бонустук программага катышуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылат.
  2. Бонустук программага катышуу шарттары Сервисте жайгаштырылган жана ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган GLOBUS лоялдуулук программасынын эрежелери менен жөнгө салынат.
  3. Колдонуучу Тиркемеде же Сайтта авторизацияланган же бонустук программага катталган шартта бонустук программага катыша алат.
  4. Бир Тапшырыктын алкагында Колдонуучу конкреттүү акциянын шарттарында же Колдонуучуга Тапшырыкты тариздөөгө чейин жеткиликтүү болгон Лоялдуулук программасынын эрежелеринде башкача каралбаса, бир промокодду, же бонустук упайларды колдонууга укуктуу.

11.ЭЛЕКТРОНДУК БИЛДИРҮҮЛӨРДҮ, ДОКУМЕНТТЕРДИ ЖАНА КЕЛИШИМ БОЮНЧА МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРДИ АТКАРУУГА БАЙЛАНЫШТУУ БАШКА МААЛЫМАТТЫ САКТОО ТАРТИБИ

  1. Компания Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу электрондук билдирүүлөрдү, документтерди, санарип жазууларды, Тапшырыктарды, төлөмдөрдү ырастоолорду жана башка маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарында каралган тартипте жана мөөнөттөрдө сактоону камсыздайт.

12.ЖЕКЕ МҮНӨЗДӨГҮ МААЛЫМАТТАРГА, ЭЛЕКТРОНДУК БИЛДИРҮҮЛӨРГӨ, ДОКУМЕНТТЕРГЕ, КЕЛИШИМ БОЮНЧА МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРДИ АТКАРУУГА БАЙЛАНЫШТУУ БАШКА МААЛЫМАТКА ЖЕТҮҮ МҮМКҮНДҮГҮН КАМСЫЗ КЫЛУУ ТАРТИБИ

  1. Компания Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу жеке маалыматтарды, электрондук билдирүүлөрдү, документтерди жана башка маалыматтарды сактоо процессинде да, берүүдө да коргоо боюнча зарыл болгон техникалык жана уюштуруу чараларын ишке ашырат. Колдонуучу Купуялуулук саясатында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн жеке маалыматтарына, электрондук билдирүүлөргө жана документтерине жетүү мүмкүндүгүн алууга укуктуу.

13.ДАТТАНУУЛАРДЫ КАРОО ЖОЛ-ЖОБОСУ ЖАНА КАЙРЫЛУУЛАР ҮЧҮН БАЙЛАНЫШ МААЛЫМАТЫ

  1. Сервистин Колдонуучусунун укуктары бузулган учурда Колдонуучу Компанияга даттануу менен каалаган жеткиликтүү ыкма аркылуу кайрылууга укуктуу. Компания Колдонуучунун арызын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген мөөнөттө (эреже болгондой, 5 (беш) жумуш күндөн ашпаган убакытта) кароого жана арыздын негиздүүлүгү тастыкталган учурда аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүүгө жана Колдонуучуга кароонун жыйынтыктары жөнүндө билдирүүгө милдеттенет.

14.БАШКА ШАРТТАР

  1. Колдонуучу Сервистин бардык материалдары жана кызматтары же алардын кайсы бир бөлүгү жарнама менен коштолушу мүмкүн экенин кабыл алат. Колдонуучу Сервистин материалдары жана кызматтары же алардын айрым элементтери жарнамалык, маалыматтык жана маркетингдик материалдар менен коштолушу мүмкүн экенин тааныйт жана макул болот. Компания эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Сервисте жайгаштырылган үчүнчү жактардын жарнамалык материалдарынын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Бул шарт Колдонуучунун жарнама жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү мыйзамдарда каралган укуктарын чектебейт.

  2. Сервисте каттоодон өтүү ыктыярдуу болуп саналат. Каттоодон өткөн учурда Колдонуучу Сервистин кошумча функционалына жана кызматтарына жетүү мүмкүндүгүн алат. Компания коопсуздукту камсыз кылуу, Келишимди аткаруу жана мыйзам талаптарын сактоо максатында Колдонуучу каттоодо көрсөткөн маалыматтарды бул максаттар үчүн зарыл болгон көлөмдө ырастоону сураганга укуктуу.

  3. Компания алдамчылыктын алдын алуу, Колдонуучулардын жана Компаниянын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында Колдонуучуну верификациялоого укуктуу. Верификациядан өтпөгөн учурда Компания Колдонуучуга Сервис аркылуу же каттоодо көрсөтүлгөн байланыш маалыматтары боюнча милдеттүү түрдө билдирүү жөнөтүү менен, Колдонуучунун Тапшырыкты тариздөөгө жана аткарууга байланыштуу Сервистин айрым функцияларына жетүү мүмкүндүгүн убактылуу чектөөгө укуктуу.

  4. Компания Колдонуучу каттоодо жана Сервисти пайдаланууда берген маалыматтын тууралыгын жана актуалдуулугун текшерүү үчүн жеке маалыматтар жөнүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоо шартында техникалык жана программалык каражаттарды колдонууга укуктуу.

  5. Компания Колдонуучунун өзү көрсөткөн адам экенине жана Колдонуучу берген маалыматтын анык экенине кепилдик бербейт. Ошол эле учурда Компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жол берилген чекте маалыматты текшерүү боюнча акылга сыярлык чараларды көрөт.

  6. Компания Колдонуучу келишимдин шарттарын, башка адамдардын укуктарын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда, ошондой эле алдамчылыктын же Сервисти кыянаттык менен пайдалануунун белгилери болгондо, Колдонуучунун Сервиске кирүү мүмкүндүгүн убактылуу чектөөгө же токтотууга укуктуу.

  7. Кирүү мүмкүндүгүн чектөө тууралык, басмырлоосуз жана шайкештик принциптерин сактоо менен, Колдонуучуга Сервис же башка жеткиликтүү ыкма аркылуу билдирүү менен ишке ашырылат.

  8. Келишимдин шарттарын бузгандыгына байланыштуу Сервиске кирүү мүмкүндүгү токтотулган Колдонуучунун Компаниянын макулдугусуз кайрадан катталууга укугу жок. Сервиске кирүү үчүн башка Колдонуучулардын эсепке алуу маалыматтарын колдонууга тыюу салынат.

  9. Колдонуучу каалаган убакта Сервистеги өзүнүн каттоо эсебин жок кылууну же бөгөттөөнү талап кылууга укуктуу. Мындай талап Компаниянын электрондук дарегине жөнөтүлөт: globus-online@market.kg. Эсепке алуу жазуусун өчүрүү жана жеке маалыматтарды иштеп чыгуу Купуялуулук саясатында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.

15.СЕРВИСТИ КОЛДОНУУ

  1. Компания Сервис аркылуу Товарларды сатып алууга тапшырыктарды тариздөөгө укук берет.

  2. Колдонуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, үчүнчү жактардын укуктарын, анын ичинде интеллектуалдык менчик укуктарын бузган аракеттерди, ошондой эле Сервистин нормалдуу жана коопсуз иштешин бузууга алып келиши мүмкүн болгон аракеттерди жасабаганга милдеттенет.

  3. Сервисти колдонуу менен таризделген Товарларды сатып алуу боюнча бардык бүтүмдөр түздөн-түз Колдонуучу менен Компаниянын ортосунда түзүлөт. Компания мындай бүтүмдөр боюнча милдеттенмелердин аткарылышы үчүн, анын ичинде Товарлардын болушу, алардын сапаты жана жеткирип берүү үчүн - ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектерде, анын ичинде Товарларды жеткирип берүү үчүн үчүнчү жактарды тартууну эске алуу менен жоопкерчилик тартат.

  4. Колдонуучунун Сервистеги комментарийлери, билдирүүлөрү, ошондой эле башка жазуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, үчүнчү жактардын укуктарын, ошондой эле жалпы кабыл алынган адеп-ахлак ченемдерин бузбашы керек.

  5. Компания Сервисте камтылышы мүмкүн болгон тышкы интернет-ресурстардын мазмуну жана иштеши үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Колдонуучунун аларды пайдалануусунун кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартпайт.

16.ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК

  1. Сервисте колдонулган программалардын, маалыматтардын, соода маркаларынын, автордук укук объекттеринин жана башка объекттердин жыйындысы анын мыйзамдуу укук ээлеринин интеллектуалдык менчиги болуп саналат жана интеллектуалдык менчик жөнүндө мыйзамдар, ошондой эле тиешелүү эл аралык укуктук келишимдер жана конвенциялар менен корголот.

  2. Компания домендик аталыштын, сайттын, мобилдик тиркемелердин, Сервистин программалык камсыздоосунун укук ээси, ошондой эле Компания тарабынан Сервистин иштешинин алкагында түзүлгөн жана колдонулган маалымат базаларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган көлөмдө укук ээси болуп саналат.

  3. Программалык камсыздоону жүктөгөндө Компания Колдонуучуга жеке акысыз өзгөчө эмес, өткөрүп берилбес, сублицензиялоо укугу жок, программалык камсыздоону үчүнчү жактарга өткөрүп берүү укугу жок лицензияны берет.

  4. Мындай лицензия Колдонуучуга Сервистин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу жана Сервистин функцияларына ылайык алардан пайда алуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн гана арналган.

  5. Компаниянын интеллектуалдык менчик объекттерин (Сервисти) толук же кандайдыр бир бөлүгүн (анын ичинде программалык камсыздоону) көчүрүүгө, өзгөртүүгө, жайылтууга, сатууга, алмаштырууга же ижарага берүүгө, ошондой эле Компаниянын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз программалык камсыздоону “бузууга” же баштапкы кодун алууга аракет кылууга тыюу салынат. Ушул Келишимде уруксат берилгенден тышкары, Компанияга таандык болгон Сервистин курамына кирген элементтерди, символдорду, тексттерди, графикалык сүрөттөрдү, программаларды, маалымат базаларын жана башка объекттерди Компаниянын же башка мыйзамдуу укук ээсинин уруксатысыз кандайдыр бир түрдө колдонуу мыйзамсыз болуп саналат жана соттук кароого жана мыйзамдарга ылайык бузуучуларды жарандык-укуктук, административдик жазык жоопкерчилигине тартууга себеп болушу мүмкүн.

17.ЖООПКЕРЧИЛИКТИ ЧЕКТӨӨ. ФОРС-МАЖОР.

  1. Колдонуучу Сервисте көрсөткөн бардык маалымат, анын ичинде жеке маалыматтар, Сервисти колдонуу максатында Колдонуучу тарабынан жайгаштырылат. Колдонуучу өзү берген маалыматтардын аныктыгы жана актуалдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат. Компания Колдонуучунун жеке маалыматтарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Купуялуулук саясатына жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык иштеп чыгуу үчүн жоопкерчилик тартат.

  2. Сервисти колдонууда Колдонуучунун төмөнкүдөй контентти жайгаштырууга, берүүгө же таратууга укугу жок: – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган; – үчүнчү жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган; – экстремисттик, басмырлоочу, порнографиялык, зомбулук мүнөзүндөгү маалыматты камтыган; – коомдук адеп-ахлак ченемдерин бузган; – интеллектуалдык менчик укуктарын бузган; – тыюу салынган заттарды, куралдарды же жардыргыч заттарды жасоо же колдонуу боюнча нускамаларды камтыган.

  3. Колдонуучу Сервисти колдонуу, Тапшырыктарды тариздөө жана аткаруу, ошондой эле Колдонуучу менен байланыш түзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда аны идентификациялоо максатында өзү жөнүндө маалыматты жайгаштырат.

  4. Сервистин материалдарын ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынде уруксат берилген чектерде гана пайдаланууга жол берилет. Укук ээсинин макулдугусуз Сервистин материалдарын башкача пайдаланууга жол берилбейт.

  5. Сервистин материалдарын мыйзамда жол берилген көлөмдө цитаталоодо, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, булакты (Сервисти) көрсөтүү милдеттүү болуп саналат.

  6. Компания эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Сервисте камтылышы мүмкүн болгон тышкы интернет-ресурстардын мазмуну жана иштеши үчүн жоопкерчилик тартпайт.

  7. Колдонуучу менен Компаниянын ортосунда пайда болгон талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер мүмкүн болушунча сотко чейинки (дооматтык) тартипте жөнгө салынат. Колдонуучу эгерде мыйзамда башкача каралбаса, сотко чейинки тартипти сактоодон көз карандысыз, Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына же сотуна кайрылууга укуктуу.

  8. Колдонуучу ага төмөнкүлөрго тыюу салынганын түшүнөт жана макул болот: 8.1. мындай колдонуу Келишимде же Сервистин ишинин спецификасында түздөн-түз каралган, же Колдонуучу Компаниядан жазуу жүзүндө уруксат алган учурлардан тышкары Компаниянын сервистеринин кандайдыр бир бөлүгүн (анын ичинде Колдонуучуга сервистер аркылуу жеткиликтүү болгон контентти), же аларга кирүү мүмкүнчүлүгүн кайра өндүрүүгө, кайталоого жана көчүрүүгө, сатууга жана кайра сатууга, ошондой эле кандайдыр бир коммерциялык максаттарда колдонууга; 8.2. мыйзамга же кандайдыр бир келишимдик мамилелерге ылайык мындай аракеттерге укуктар жок болгон учурда, контентти жүктөөгө, жөнөтүүгө, берүүгө же кандайдыр бир башка жол менен жайгаштырууга жана/же таратууга; 8.3. атайын уруксат берилбеген жарнамалык маалыматты, спамды (анын ичинде издөө), башкалардын электрондук почта даректеринин тизмесин, көп деңгээлдүү (тармактык) маркетингди (MLM), “бактылуу каттарды” жүктөөгө, жөнөтүүгө, берүүгө же кандайдыр бир башка жол менен жайгаштырууга жана/же таратууга, ошондой эле Компаниянын сервистерин мындай иш-чараларга катышуу үчүн колдонууга, же Компаниянын сервистерин колдонуучуларды башка домендердин баракчаларына багыттоо үчүн гана колдонууга; 8.4. компьютердик же телекоммуникациялык жабдуулардын же программалардын иштешин бузууга, жок кылууга же чектөөгө, уруксатсыз кирүү мүмкүнчүлүгүн ишке ашырууга арналган вирустарды же башка компьютердик коддорду, файлдарды же программаларды камтыган кандайдыр бир материалдарды, ошондой эле коммерциялык программалык продукттарына карата серия номерлерин жана аларды түзүү программаларын, логиндерди, паролдорду жана Интернеттеги акы төлөнүүчү ресурстарга уруксатсыз кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн башка каражаттарды, жүктөөгө, жөнөтүүгө, берүүгө же кандайдыр бир башка жол менен жайгаштырууга жана/же таратууга, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн маалыматка шилтемелерди жайгаштырууга; 8.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулган эл аралык укуктук жалпы таанылган ченемдерин башкача жол менен бузууга.

  9. Компания эгерде мындай жетүү мүмкүндүгү Компаниянын күнөөсүнөн улам болбосо жана Компания жеке маалыматтарды коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрсө, Колдонуучунун маалыматына үчүнчү жактардын уруксатсыз жетүү мүмкүндүгү үчүн жоопкерчилик тартпайт. Компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түз каралган учурларда гана жоопкерчилик тартат.

  10. Колдонуучу Сервистин материалдары жарнама менен коштолушу мүмкүн экенине макул болот. Компания мындай жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Компанияга жүктөлгөн учурлардан тышкары, Сервисте жайгаштырылган үчүнчү жактардын жарнамасынын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт.

  11. Компания тарабынан башкача түздөн-түз көрсөтүлгөн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, Сервисте жайгаштырылган кандайдыр бир сайтка, кызматка, коммерциялык же коммерциялык эмес мүнөздөгү кандайдыр бир маалыматка шилтеме (каалаган формада) Компания тарабынан бул кызматтарды, ишти жактыруу же сунуштоо болуп саналбайт.

  12. Компания эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, өзүнүн күнөөсү боюнча келип чыкпаган техникалык жана программалык бузулуулар үчүн, ошондой эле үчүнчү жактардын аракеттеринен келип чыккан зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.

  13. Колдонуучу колдонуудагы мыйзамдарга жана ушул Келишимге ылайык гана иш алып барууга, ошондой эле Сервистеги жана Сервистин кызматтарын пайдаланууда өзүнүн аракеттери жана/же аракетсиздиги үчүн мыйзамга ылайык толук жоопкерчилик тартууга милдеттенет.

  14. Колдонуучунун укуктары бузулган учурда, укуктары бузулган Колдонуучу Компанияга каалаган ыңгайлуу формада тиешелүү даттануу менен кайрыла алат. Компания даттанууну карайт жана анын негиздүүлүгү аныкталса, өз компетенциясынын чегинде Колдонуучунун укуктарын бузууну токтотууга багытталган чараларды көрүүгө милдеттенет.

  15. Тараптардын бири дагы эгерде мындай милдеттенмелерди аткаруу Тараптар келишим түзүлгөн учурда алдын ала билбеген жеңилгис күч жагдайларынан улам кечиктирилсе же бузулса, ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтүү деп эсептелбейт. Мындай жагдайлар төмөнкүлөр болуп саналат: жер титирөө, суу ташкыны, өрт, башка табигый кырсыктар, куралдуу кагылышуулар жана интервенция, террордук актылар, массалык башаламандыктар, элдик толкундоолор, иш таштоолор, мыйзамдардагы өзгөрүүлөр, мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдери, ошондой эле Тараптардын Келишимдин шарттарын аткаруусуна түздөн-түз таасир эте турган башка жагдайлар.

  16. Компаниянын жоопкерчилиги Колдонуучуга келтирилген реалдуу зыяндын өлчөмү менен, Компаниянын күнөөсү болгондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жол берилген чектерде чектелет. Керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна, укуктарына зыян келтирилген учурларда, ошондой эле мындай чектөө мыйзам тарабынан тыюу салынган башка учурларда жоопкерчиликти чектөө колдонулбайт.

18.БАШКА ШАРТТАР

  1. Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө же ага байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон, Тараптардын ортосундагы бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет. Керектөөчүлөрдүн катышуусундагы талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектөөчү тандаган соттор тарабынан каралат. Тараптар эгерде мындай тартип Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе, талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр жана сотко чейин жөнгө салуу аркылуу чечүүгө умтулушат. Кат алышуу жана сотко чейинки өз ара аракеттенүү тили - орус жана/же кыргыз тили. Соттук териштирүүнүн тили Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык сот тарабынан аныкталат.

  2. Ушул Келишимге, ошондой эле ушул Келишимден келип чыккан Тараптардын мамилелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.

  3. Компания ушул Келишимди бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө укуктуу. Келишимдин актуалдуу редакциясы Сервисте жайгаштырылат. Келишимдин маанилүү шарттары өзгөртүлгөн учурда (анын ичинде төлөө, жеткирүү, товарларды кайтаруу тартиби, тараптардын жоопкерчилиги), Компания Колдонуучуларга эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, мындай өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин акылга сыярлык мөөнөттөн кеч эмес Сервис аркылуу жана/же башка жеткиликтүү ыкмалар менен кабарлайт.

  4. Келишимдеги эч нерсе Колдонуучу менен Компаниянын ортосунда агенттик мамилелерди, Шериктештик мамилелерди, биргелешкен ишмердүүлүк боюнча мамилелерди, жеке жалдоо мамилелерин же Келишимде түздөн-түз каралбаган башка кандайдыр бир мамилелерди орнотуу катары түшүнүлбөйт жана чечмеленбейт.

  5. Келишимдин айрым жоболорунун жараксыздыгы (же мажбурлап аткаруунун мүмкүн эместиги) Келишимдин калган жоболорунун жарактуулугуна (же мажбурлап аткаруунун мүмкүндүгүнө) же жалпысынан Келишимдин жарактуулугуна таасир этпейт. Компаниянын кандайдыр бир укуктарды ишке ашырбаганы (же ишке ашыруудан баш тартканы) аны мындан ары мындай укукту ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт.

  6. Колдонуучу Келишимдин шарттарын бузган учурда Компаниянын аракетсиздиги, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарында башкача каралбаса, Компанияны келечекте өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү укугунан ажыратпайт.

  7. Ушул Келишимде жөнгө салынбаган бардык башка шарттар жана жагдайлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Сервисте жайгаштырылган же Тараптар мыйзамда белгиленген тартипте макулдашкан кошумча шарттарга ылайык жөнгө салынууга тийиш. Колдонуучу ушул Келишимдин бардык шарттары менен таанышканын жана Келишимде каралган конклюденттик аракеттерди жасоо аркылуу аларды кабыл алганын ырастайт.

Компаниянын реквизиттери: “Умай Групп” ЖЧК Кыргызстан, Бишкек ш., Чокон Валиханов көч.,16 каттоо номери: 20454-3300-ЖЧК ИУЖК: 23320546 ИСН 01007200310037 ИСКБ 999 “О!Банк-Бишкек” филиалы Бишкек ш. Эсеп №: 1250820000823579 БИК 125008
globus-online@market.kg
тел: 996 (550;772;502;) 77 11 99.