Товарлар каталогу
Биз менен байланыш
KG

GLOBUS соода түйүндөрүнүн сатып алуучуларга Лоялдуулук программасынын тартиптери

1. Колдонулган терминдер

1.1. Ушул Эрежелерде төмөндө берилген аныктамаларына ылайык чечмелене турган, төмөнкү негизги терминдер колдонулат:
1.2 Компания: «Умай Групп» жоопкерчилиги чектелген коому, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык түзүлгөн, Лоялдуулук программасын ишке ашыруучу юридикалык жак. Жайгашкан дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чокон Валиханов көч., 16. ИУЖК: 23320546. СИН: 01007200310037.
1.3 Лоялдуулук программасы (Программа) - Карта ээлери үчүн Компаниянын ушул Лоялдуулук программасы. Программанын эрежелери Карталарды пайдалануу менен GLOBUS соода тармагынын дүкөндөрүндө товарларды сатып алууда Карта ээлеринин активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган программага катышуу келишимин түзүү сунушу болуп саналат. Программа Лоялдуулук программасында белгиленген негиздер боюнча товарларды сатып алуудагы активдүүлүктү мүнөздөгөн Бонустарды чегерүүнү карайт, ошондой эле Катышуучу тарабынан ага чегерилген бонустарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жана шарттарын карайт.
1.4 Акция - Программанын алкагындагы иш-чаралардын комплекси, аны өткөрүү мезгилинде Катышуучуларга Бонустар чегерилиши, компаниянын товарларынын айрым түрлөрүнө атайын баалар белгилениши, ошондой эле Акциянын тиешелүү эрежелеринде белгиленген тейлөөнүн башка шарттары берилиши мүмкүн. Акциялар жөнүндө маалымат, аларды өткөрүү шарттары Компания тарабынан Компаниянын сайтында жана GLOBUS мобилдик колдонмосунда жарыяланат. Акциялар Компания тарабынан да, аны менен макулдашуу боюнча үчүнчү жактар тарабынан да өткөрүлүшү мүмкүн.
1.5 Бонустар - Программанын эрежелерине ылайык жана өткөрүлүп жаткан Акциялардын алкагында Катышуучуга анын Эсебине чегерилген шарттуу виртуалдык бирдиктер.
1.5.1 Чегерилген Бонус - Программанын же Акциянын эрежелерине ылайык Катышуучунун Эсебине Компания тарабынан чегерилген Бонус. 1 (бир) Бонус 1 (бир) сомго барабар
1.5.2 Эсептен алынган (Пайдаланылган) Бонус - Программанын же Акциянын эрежелерине ылайык Катышуучунун Эсебинен Компания тарабынан эсептен алынган Бонус.
1.6 Карта ээси (мындан ары – Ээси) - 18 жашка толгон жана Программада катталган Картага ээ болгон жеке адам.
1.7 Программанын Катышуучусунун карталарынын түрлөрү Пластик Карта (мындан ары – пластик Карта) – ушул Эрежелерге ылайык, Программага катталуу шарты менен GLOBUS соода тармагынын каалаган дүкөнүнөн алууга мүмкүн болгон карта. Пластикалык картаны эмитенти Компания болуп саналат; Электрондук Карта (мындан ары – электрондук Карта) – GLOBUS мобилдик колдонмосунда таризделген, жеке номерге ээ блогон электрондук карта. Электрондук картаны эмитенти Компания болуп саналат;
1.7.1 Карталар ар кандай форматта жана дизайнда болушу мүмкүн, бирок алар бирдей юридикалык күчкө ээ.
1.7.2 Картанын дизайны Компаниянын өндүрүштүк муктаждыктарына жараша өзгөртүлүшү мүмкүн.
1.8 Купон – бул белгилүү бир товарды же товарлар категориясын сатып алууда жеңилдик алууга укук берген документ, код же башка идентификатор.
1.9 Жеке кабинет – GLOBUS мобилдик колдонмосундагы Катышуучунун жеке баракчасы, анда Катышуучу жөнүндө, Катышуучуга жеткиликтүү Бонустардын саны, анын ичинде чегерилген жана эсептен алынган бонустар жөнүндө, ошондой эле жеке Акциялар жана Арзандатуулар жөнүндө маалымат камтылган.
1.10 Жакшы көргөн товардык категориялар – Программанын Катышуучусу сатып алуулар үчүн ага Жеке кабинетте же Мобилдик колдонмодо сунушталган категориялардын тизмесинен өз алдынча тандай турган, Программанын эрежелерине ылайык Бонустар чегериле турган Товарлардын тобу.
1.11 GLOBUS мобилдик колдонмосу (мындан ары Мобилдик колдонмо – IOS жана Android платформаларынын базасында мобилдик түзүлүшкө орнотулуучу (жүктөлүүчү) программасылк камсыздоо. Мобилдик колдонмонун укук ээси Компания болуп саналат. Мобилдик колдонмонун жардамы менен Программанын алкагында Катышуучу Мобилдик колдонмонун функционалында каралган аракеттерди ишке ашыра алат, анын ичинде: ·        жакшы көргөн категорияларды тандоо; ·        сатып алууда GLOBUS соода тармагынын дүкөндөрүнүн кассаларында Картанын штрихкодун пайдалануу; ·        Бонустарды чегерүү жана эсептен алуу тарыхын кароо; ·        Катышуучунун учурдагы Эсеби жөнүндө маалыматты алуу; ·        пайдалуу жеке сунуштарды алуу жана кароо; ·        GLOBUS дүкөнүндө on-line товарларды сатып алуу.
1.12 Дүкөндөр - Компанияга таандык, Лоялдуулук программасы колдонулган жана Товарларга Бонустар менен төлөө мүмкүнчүлүгү каралган GLOBUS соода тармашынын дүкөндөрү. Дүкөндөр GLOBUS бренди менен гипер маркеттерге, супермаркеттерге бөлүнөт.
1.13 Компаниянын өнөктөшү - Карта ээлери үчүн артыкчылыктарды, атайын сунуштарды берген жана Компаниянын Акцияларына катышкан юридикалык жак.
1.14 Сатып алуу - Катышуучунун Картаны пайдалануу менен GLOBUS соода тармагынын дүкөндөрүндө сатылуучу Товарларды сатып алуусу.
1.15 Программанын эрежелери (Эрежелер) - ушул эрежелер жана Программага катышуу шарттары, анын ичинде Бонустарды чегерүү, топтоо жана пайдалануу шарттары.
1.16 Артыкчылыктар - товарларды атайын баада жана/же арзандатуулар менен сатып алуу, Бонустарды чегерүү жана пайдалануу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле Компания же Компания менен макулдашуу боюнча башка жактар тарабынан өткөрүлгөн атайын акцияларга катышуу мүмкүнчүлүгү.
1.17 Программага катталуу (мындан ары – Каттоо) - Ээсинин Программага кирүүсүнө багытталган иш-аракеттердин комплекси, ал жеке маалыматтарын көрсөтүү менен Мобилдик колдонмодо Электрондук анкетаны же GLOBUS соода тармагынын дүкөндөрүнүн кассасында кагаз түрүндөгү анкетаны толтуруу жолу менен ишке ашырылат, бул Программанын эрежелеринин шарттарын ачык, толук жана шартсыз кабыл алууну билдирет.
1.18 Компаниянын сайты - Интернет тармагындагы https://globus-online.kg сайты.
1.19 Программанын катышуучусунун эсеби (Эсеп) - Компания тарабынан жүргүзүлүүчү, баланс, чегерилген жана эсептен чыгарылган Бонустар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтардын электрондук реестри. Программанын алкагындагы эсеп эч кандай учурда банктык, топтомо же башка финансылык эсептин кандайдыр бир формасы болуп саналбайт жана боло албайт.
1.20 Товарлар (Товар) - GLOBUS Дүкөндөрүндө, ошондой эле Сайтында жана Мобилдик колдонмосунда сатылуучу товарлар.
1.21 Программанын катышуучулары (мындан ары жана мурда – Катышуучу) - ушул Эрежелерге ылайык Программада катталган Карта ээси.
1.22 Электрондук анкета - Карта ээсинин жеке маалыматтарын киргизүү үчүн электрондук форма, аны толтуруу Программага катышууга жана Компаниядан коммуникациялык билдирүүлөрдү алууга макулдукту билдирет. Электрондук анкета Мобилдик колдонмодо катталуу учурунда жеткиликтүү.
1.23 Кагаз анкета - Карта ээсинин жеке маалыматтарын киргизүү үчүн кагаз форма, аны толтуруу Программага катышууга жана Компаниядан коммуникациялык билдирүүлөрдү алууга макулдукту билдирет. Кагаз форма пластик Картаны алуу менен Дүкөндөрдүн кассасында жана маалымат бурчунда катталууда жеткиликтүү.

2. Жалпы жоболор

2.1 Ушул Лоялдуулук программасынын эрежелери Программага катышуунун шарттарын жана тартибин, Программаны өткөрүү ордун, мөөнөтүн жана Карт ээлеринин Программага катышуусунун башка шарттарын аныктайт.
2.2 Катышуучу Программага кошулуу менен ушул Эрежелерди толук жана шартсыз кабыл алат жана аларды аткарууга милдеттенет.
2.3 Эрежелер Компаниянын Сайтында/Мобилдик колдонмодо, ошондой эле Компаниянын өз ыктыяры боюнча башка булактарды колдонуу менен жайгаштырылат.
2.4 Программа Компаниянын чечими боюнча жокко чыгарылганга чейин колдонулат. Программанын аяктагандыгы жөнүндө маалымдоо Компаниянын Сайты/Мобилдик колдонмо аркылуу, ошондой эле Компаниянын өз ыктыяры боюнча башка булактарды колдонуу менен жүргүзүлөт.
2.5 Эрежелерди билбегендик Карт ээлери тарабынан кандайдыр бир дооматтарды коюуга негиз болуп саналбайт.
2.6 Компания Карталарды пайдаланууга байланыштуу түз же кыйыр чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

3. Программага катталуу

3.1 Программага катышуу ыктыярдуу болуп саналат.
3.2 Катышуучу Мобилдик колдонмодо Электрондук анкетаны, Дүкөндүн кассасында кагаз анкетаны толтуруу аркылуу Программага катталат. Катышуучуну жогорудагы белгиленген ыкмалардын бири менен каттоо Программанын эрежелерин ачык, толук жана шартсыз кабыл алууну билдирет.
3.3. Катышуучу Электрондук жана/же Кагаз түрүндөгү анкетаны толтурууда берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Электрондук жана/же Кагаз түрүндөгү анкетаны толтуруу менен Катышуучу алардын аныктыгына күбөлөндүрөт жана кепилдейт. Компания өз ишинде каттоодо көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгына таянат.

4. Элеткрондук картаны тариздөө

4.1 Электрондук карта Мобилдик колдонмодо катталуу аяктагандан кийин дароо чыгарылат жана Мобилдик колдонмодо Ээсине жеткиликтүү болот.
4.2. Электрондук картаны чыгаруу акысыз жүргүзүлөт.

5. Пластиф картаны тариздөө

5.1 Пластик картаны алуу үчүн Катышуучу:
5.1.1 Кагаз анкетаны толтуруп бүткөндөн кийин Катышуучу кагаз анкетаны тариздеген Дүкөндүн кассасына же маалымат бурчуна кайрылат.
5.2 Пластик карта Катышуучуга Дүкөндүн кассасында же маалымат бурчунда берилет.
5.3 Пластик карта акысыз чыгарылат. Магнити кетип калган учурда Картаны алмаштыруу акысыз жүргүзүлөт.
5.4 Пластик картаны тариздөө жана берүү төмөнкү схема боюнча жүргүзүлөт: 1 сатып алуучу – 1 пластик карта.
5.5 Эгерде Катышуучуда Электрондук карта таризделген болсо, Пластик картаны алуу милдеттүү эмес жана Катышуучунун каалоосу боюнча гана берилет.

6. Электрондук жана пластик картаны активдештирүү, Картаны пайдалануу

6.1 Электрондук картаны активдештирүү кардар тарабынан Мобилдик колдонмодо каттоо процесси аяктагандан кийин дароо автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
6.2 Пластик карта Катышуучуга Дүкөндө кассажа же маалымат бурчунда дароо активдештирилген жана пайдаланууга даяр түрдө берилет.
6.3 Бонустарды эсептен чыгаруу максатында Картаны колдонуу үчүн Катышуучу сатып алууларды төлөгөнгө чейин аны Эрежелердин 1.7.1-пунктунда көрсөтүлгөн каалаган түрдө кассада көрсөтүшү керек.

7. Картаны калыбына келтирүү (алмаштыруу)

7.1 Пластик карта бузулган (жоголгон, уурдалган) учурда Карта ээси бул тууралуу каалаган Дүкөндөгү кассирге же маалымат бурчунун кызматкерине билдирүүгө же Кардарларды маалыматтык колдоо борборуна чалууга милдеттүү.
7.2 Жоголгон Пластик карта Карт ээсинин өздүгүн күбөлөндүргөн документтин негизинде каалаган Дүкөндө маалымат бурчунун кызматкерине Карта ээси кайрылган учурда, ошондой эле Катышуучу Кардарларды маалыматтык колдоо борборуна кайрылган учурда блоктолот. Блоктолгон Пластик карта арзандатууларды алуу, Бонустарды чегерүү жана пайдалануу укугун бербейт.
7.3 Дүкөндүн маалымат бурчуна берилген жана ошол күндүн аягына чейин талап кылынбаган Пластик карта кийинки күнү утилдештирилет.
7.4 Жоголгон же бузулган Пластик картаны калыбына келтирүү акысыз негизде жүргүзүлөт.

8. Электрондук жана пластик картанын колдонуу мөөнөтү

8.1 Пластик жана электрондук картанын колдонуу мөөнөтү аныкталган эмес.
8.2 Компания Ээлери менен макулдашпастан, каалаган убакта электрондук жана пластик карталардын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле аларды колдонуу эрежелерин өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.

9. Бонустарды чегерүүнүн жана пайдалануунун жалпы эрежелери

9.1. Топтолгон бонустар Ээси тарабынан 5 айдын ичинде сарпталышы керек. 5 ай өткөндөн кийин Ээси тарабынан топтолгон Бонустар Компания тарабынан Картадан эсептен алынат.
9.2. Бир жолку 800 (сегиз жүз) сомдон 1999 (бир миң тогуз жүз токсон тогуз) сомго чейинки сатып алуулар үчүн, Ээсине Картага ар бир 100 (жүз) сом үчүн 1 (бир) Бонус эсептелет, б.а. эгерде Ээси 930 (тогуз жүз отуз) сомго сатып алса, анда ага Картага 9 (тогуз) Бонус чегерилет.
9.3. Бир жолку 2000 (эки миң) сомдон 4999 (төрт миң токсон тогуз) сомго чейинки сатып алуулар үчүн, Ээсине Картага ар бир 100 (жүз) сом үчүн 2 (эки) Бонус эсептелет, б.а. эгерде Ээси 2250 (эки миң эки жүз элүү) сомго сатып алса, анда ага Картага 44 (кырк төрт) Бонус эсептелет.
9.4. Бир жолку 5000 (беш миң) сомдон жогору сатып алуулар үчүн, Ээсине Картага ар бир 100 (жүз) сом үчүн 3 (үч) Бонус эсептелет, б.а. эгерде Ээси 5922 (беш миң тогуз жүз жыйырма эки) сомго сатып алса, анда ага Картага 177 (жүз жетимиш жети) Бонус эсептелет
9.5. Тамеки жана тамеки буюмдарын сатып алуу үчүн Бонустар чегерилбейт, тамеки жана тамеки буюмдарын сатып алуу үчүн сумма жыйынтыктоочу суммага жетүүгө катышпайт.
Бонустарды пайдалануу
9.6. 1 (бир) Бонус=1 (бир) сом. Бонустар менен чектин жарымынан көп эмеси төлөнүшү мүмкүн. МИСАЛЫ: Эгерде Ээсинде Картада 900 (тогуз жүз) Бонус топтолгон Ээси 600 (алты жүз) сомго сатып алган. Бул сатып алуунун суммасынын жарымын Ээси топтолгон бонустар менен, тактап айтканда 300 (үч жүз) сомду төлөй алат.
9.7. Бонустарды пайдалануу эрежелери жөнүндө кеңири маалыматты каалаган Дүкөндөн маалымат бурчунан же телефон аркылуу Кардарларды колдоо борборунан алууга болот.

10. Акциялар

10.1 Программанын алкагында Акциялар өткөрүлүшү мүмкүн. Акцияларды өткөрүү мезгилинде ушул Эрежелерде көрсөтүлбөгөн атайын шарттар убактылуу белгилениши мүмкүн.
10.2 Акция жөнүндө маалымат Компаниянын сайтына жана/же Мобилдик колдонмого тиешелүү маалыматты жайгаштыруу жана/же sms/текст- билдирүүлөрдү жөнөтүү жана/же башка жолдор менен Катышуучуларга маалымдалат..
10.3 Акцияга эгерде Акциянын шарттарында башкача каралбаса, каалаган Катышуучу катыша алат.

11. Товарды кайтарууда/алмашууда берилген Бонустар жөнүндө жазууну оңдоо

11.1 Программанын алкагында Катышуучу тарабынан сатып алынган товарды алмашуу/кайтарып берүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда Дүкөндө Катышуучу Картаны көрсөткөн шартта жүргүзүлөт.
11.2 Программанын алкагында Катышуучу тарабынан сатып алынган товарды алмаштыруу/кайтарып берүү учурунда Катышуучу ушул Товарды сатып алган учурда Катышуучуга берилген Бонустардын саны жөнүндө маалыматка оңдоо киргизилет.
11.3 Топтолгон Бонустарды пайдалануу менен Катышуучу сатып алган Товарды алмаштыруу/кайтарып берүү учурунда Катышуучуга Бонустар ошол Товарга арзандатууну берүүдө эсептен алынган Бонустардын санына жараша кайтарылып берилет.

12. Жеке сунуштар жана Купондор

12.1 Жеке сунуштар жана Купондор берилет::
·        аларды кошумча документте - Дүкөндөрдөн сатып алуудагы чекке карата слипте басып чыгаруу аркылуу;
·        аларды Мобилдик колдонмого жайгаштыруу аркылуу;
·        Компаниянын өз ыктыяры боюнча башка ыкмалар менен.
12.2 Жеке сунуш жана Купон Катышуучуга Компаниянын чечими боюнча берилет жана Катышуучуга төмөнкү Артыкчылыктарды берет:
·        конкреттүү товарды же товарлардын конкреттүү категориясын сатып алуу үчүн пайыздык же акчалай арзандатуу;
·        Компаниянын каалоосу боюнча башка Артыкчылыктар.
12.3 Дүкөндөрдө Сатып алуучулардын Купондорду колдонуу шарттары;
·        Купонду Компания аныктаган конкреттүү Купондун шарттарына жараша 1 (бир) жолу же 1 (бир) жолудан көп колдонсо болот;
·        Купондун жарактуулук мөөнөтү бар жана аны тиешелүү Купондун жарактуулук мөөнөтүндө гана колдонулат;
·        Купон бир чектеги башка Купондор менен кошулбайт: бир сатып алууда (бир чек боюнча) 1 (бир) Купонду гана колдонууга болот;
·        Купон башка Акциялар менен кошулбайт: Акцияга катышкан товарларды сатып алууда Купонду колдонууга болбойт;
·        Купон, анын ичинде Купондогу маалыматтар, үчүнчү жактарга берилбейт.

13. Корутунду жоболор

13.1 Компания Программанын эрежелерине бир тараптуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Өзгөртүүлөр менен таанышуу үчүн Программанын Катышуучулары Компаниянын Сайтына жана/же Мобилдик колдонмого, тиешелүү маалымат алуу үчүн Дүкөндөрдүн маалымат бурчуна кайрылышы керек.
13.2 Программаны коммерциялык, ишкердик максаттарда пайдаланууга тыюу салынат. Компания Катышуучунун Программаны коммерциялык, ишкердик максаттарда пайдалангандыгына шектенгенде анын Картасын блоктоого укуктуу. Картаны блоктоо ага алып келген себеп Катышуучу тарабынан четтетилген же зарыл документтерди/түшүндүрмөлөрдү берген учурда токтотулат. Блоктоо мезгилинде жүргүзүлгөн операциялар боюнча Бонустарды чегерүү жүргүзүлбөйт.
13.3 Дүкөндөрдө Товарларды сатуу Дүкөндөрдүн иштөө графигин жана иштеги технологиялык тыныгууларды эске алуу менен жүргүзүлөт.
13.4 Профилактикалык иштерди/техникалык тыныгууларды жүргүзүү убагында, ошондой эле башка техникалык себептер боюнча (байланыш каналдарынын иштебей калышы же үзгүлтүк болушу, электр кубаттандыруунун үзгүлтүккө учурашы жана жабдуулардын жана программалык камсыздоонун ишинин техникалык жана/же технологиялык үзгүлтүккө учурашынын башка учурларында) Бонустарды чегерүү жана/же арзандатууларды берүү ишке ашырылбайт. Көрсөтүлгөн учурларда Катышуучу Бонустарды берүү жана/же арзандатууларды алуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлардын аякташын күтүшү керек.
13.5 Катышуучу, Компания Программага катышууга байланыштуу келип чыккан жана/же пайда болгон талаш-тартыштарды жөнгө салуунун дооматтык (сотко чейинки) тартибин сактоону милдеттүү деп таанышат. Дооматты алган тарап башка тарапка тиешелүү дооматты алган күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күндөн кеч эмес жооп берүүгө милдеттүү. Эгерде макулдашууга жетишилбесе, атап айтканда: дооматты канааттандыруудан толук же жарым-жартылай баш тартылса, дооматка белгиленген мөөнөттө жооп берилбесе –эгерде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында башкача каралбаса, талаш-тартыш Компания жайгашкан жердеги сотто чечилет.
13.6 Эгерде Карта ээси аны пайдалануу эрежелерин бузса, Компания Картаны жокко чыгарууга укуктуу.
13.7 Компания эгерде анын фотосүрөтү же анын маалыматтары интернет тармагында Карта ээси же башка адам тарабынан жайгаштырылса, же башка жол менен жалпыга жеткиликтүү кылынса, Картаны блоктоого укуктуу.

14. Чектөөлөр жана өзгөчөлүктөр

14.1 Программанын бир Катышуучусу бир гана активдүү Картага ээ боло алат.
14.2 Бир сатып алуучунун сатып алуу учурунда бирден ашык Картаны колдонууга укугу жок.
14.3 Картанын фотосүрөтү же скриншоту же GLOBUS мобилдик колдонмосунан башка мобилдик колдонмолордогу Картанын сүрөтү Арзандатууларды берүү жана Бонустарды чегерүү үчүн кабыл алынбайт.
14.4 Сатып алууларга төлөө учурунда Картасын көрсөтпөгөн сатып алуучулар үчүн артыкчылыктар жарактуу эмес.
14.5 Кардар ал ээси болбогон Картаны кассада көрсөткөн учурда Дүкөндө арзандатууларды берүүдөн баш тартылышы мүмкүн. Муну менен бирге Компания Картанын аны көрсөткөн сатып алуучуга таандык экендигин текшерүүгө милдеттүү эмес.
14.6 Катышуучунун Картаны үчүнчү жактарга берүүгө укугу жок.
14.7 Карта боюнча арзандатуулар төмөнкү товардык позицияларга берилбейт жана Бонустар чегерилбейт: тамеки жана тамеки буюмдары, ошондой эле мыйзам боюнча сатууга түрткү берүүгө тыюу салынган башка товарлар. Эгерде товарга минималдуу чекене баа коюлса, арзандатуунун өлчөмү ченемдик белгиленген минималдуу чекене баалардын бузулушуна жол бербөө үчүн чектелиши мүмкүн.
14.8 Эгерде ушул Эрежелерде же Компания тарабынан өткөрүлүүчү тиешелүү Акциянын эрежелеринде башкача каралбаса, Дүкөндөрдөн онлайн сатып алууларды жүргүзүүдө Карта боюнча Бонустарды чегерүү жана Арзандатууларды берүү жеткиликтүү эмес.
14.9 Карт ээси өзүнүн Картасын башка адамга кайра тариздей албайт.